Все медицинское сообщество возмущено поведением блогера Карыбек уулу Улукбек.
Это недопустимо, когда медработники исполняют свои прямые обязанности,
Карыбек уулу Улукбек врывается в любое медучреждение со своей сьемочной группой. При этом он нарушает как права пациентов так и права мед работников.
Мы не должны забывать, что врачи, медсестры, санитарки сутками проводят время на работе, выполняя свои обязанности с самоотверженностью и профессионализмом, иногда рискуя здоровьем от нападения родственников и так называемых блогеров.
Медицинские работники- это обычные люди, которые ничем не отличаются от других. Но в силу своей профессии принимают сложные решения, оказывают медицинскую помощь в любое время, в тяжелых случаях берут ответственность на себя проявляя таким образом профессиональную и эмоциональную стойкость.
С уважением президент КМА: профессор Тилеков Эрнис Абдышевич.

Жалпы медициналык коомчулук блогер Карыбек уулу Улукбектин жүрүм-турумуна нааразы болууда. Медициналык кызматкерлер өз милдетин аткарып жатканда,
Карыбек уулу Улукбек каалаган маалда каалаган медициналык мекемеге өзүнүн съемка жасаган тобу менен кирип келгени акылга сыйбаган көрүнүш. Бул аракеттер бир гана дарыгердин жоопкерчиликтүү ишин аткарууда гана эмес, бейтаптын ден-соолугун калыбына келтирүүдө да чоң тоскоолдуктарды жаратат. Блогердин мындай аракеттери бейтаптардын дагы, мед.кызматкерлердин дагы укугун бузууда. Дарыгер, мед.айым, кичи медициналык кызматкерлер ден-соолугун тобокелге салып, блогер аталгандардын жана бейтаптардын жакындарынын кол салуусунан көп учурда корголбосо да, кесипкөйлүгүн тастыктап, күнү-түнү өз милдетин так аткарып келгенин эстен чыгарбашыбыз керек. Медициналык кызматкерлер башкалардан айырмасы жок жөнөкөй эле адамдар, бирок алар кызматы талап эткендиктен, оор жагдайларда маанилүү чечим чыгарып, кандай кырдаал болбосун, медициналык жардам көрсөтүп, оор учурларда жоопкерчиликти мойнуна алып, эмоционалдык туруктуулук жана кесипкөйлүгүн көрсөтүүдө. Урматым менен медицина илиминин профессору Тилеков Эрнис Абдышевич.